“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды

Июль 23, 2024 - 10:24
 18
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери ачылды
Кечээ, 22-июлда “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо борборунда “Жаш Булак” жаштар-форум лагери старт алды.
Салтанаттуу ачылыш аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, студенттер, жаш ишкерлер жана мамлекеттик жаш кызматкерлер катышты.
Министрдин орун басары жаштарга кайрылып “лагердин негизги максаты жаштардын кесипкөйлүгүн, талантын жана коомдо өзүн-өзү өнүктүрүү аркылуу маданий моралдык жактан тарбиялоочу жана билимге шыктандыруу аянтчасын түзүп берүү”- экенин белгиледи.
Жаш булак лагери ар аймактан чогулган 100дөн ашык активдүү жаштарды бир аянтчага топтоду. Аларды тандоо өзгөчө катаал шартта өткөрүлүп, активдүү, өз оюн ачык билдире алгандар гана кабыл алынган.
Жаштар 25-июлга чейин жаратылыш коюнунда, билим форумунун алкагында пикир алмашып, тажрыйба топтошот.
“Жаш Булак” жаштар-форум лагери - жаштар өз идеялары, ой-пикирлери менен бөлүшө турган, пикирлештерин табууга шарт түзө турган жана өлкөнүн жашоосун реалдуу өзгөртүүгө жөндөмдүү кызыктуу адамдар менен тааныша турган аянтча.