Бишкекте Азербайжан Маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды

Апрель 24, 2025 - 23:09
 9

Бүгүн, 24-апрелде К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң концерттик залында Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн расмий жабылыш аземи болуп өттү. Маданият күндөрү джаз музыкасына арналган концерттик программма менен жыйынтыкталды.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Азербайжан Республикасынын Маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, студенттер катышты.

Өз сөзүндө Тимурлан Ажымалиев эки элдин ортосундагы тарыхый байланыштын, руханий жакындыктын жана маданий кызматташтыктын дагы бир жаркын барагы ачылганын билдирип, Бишкек шаарында өткөн иш-чаралар — көргөзмөлөр, адабий жолугушуулар, концерттик программалар жана театралдык мастер-класстар — биздин коомчулукту чыныгы руханий азык менен байытканын белгиледи.

Өз кезегинде, Азербайжан Республикасынын Маданият министринин орун басары маданият күндөрүн өткөрүүдө түзүлгөн шарттар жана уюштуруу иштери үчүн Кыргыз Республикасынынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирди.

Музыкалык кечте Эльбей Мамедзаде (рояль), Салех Мамедов (бас-гитара) жана Эйваз Хашимовдон турган (урма музыкалык аспаптарда) “Этно-джаз” триосу Азербайжан композиторлору Ариф Меликов, Тофиг Кулиев, Вагиф Мустафазаденин чыгармаларынан жана дүйнөлүк классикалардан үзүндүлөрдү джаз стилинде аткарды.

Төрт күндөн бери өтүп жаткан Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Азербайжан элинин көөнөрбөс бай, маданий мурасын чагылдырган концерттик программалар тартууланып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр уюштурулду.

Маданий кызматташтыкты тереңдетүү максатында өткөрүлгөн Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрү эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө салым кошту.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Маданият күндөрү Баку шаарында 2024-жылдын апрель айында өткөн.