Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды

Январь 9, 2024 - 15:07
Январь 13, 2024 - 01:50
 95
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Муса Абдиевди акыркы сапарга узатуу учуру
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды
Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Кыргыз Республикасынын кинематографисттер уюмунун төрагасы Таалай Кулмендеев, кино жана сүрөт искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү, туугандары катышты.
Эл сүрөтчүсүн акыркы сапарга узатууда анын кыргыз маданиятындагы барандуу орду, жараткан эмгектери, чыгармачылык таланты эскерилди.
Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө Муса Абдиевдин чыгармачылыгына кеңири токтолуп, ал кыргыз киносунун негиздөөчүлөрү М.Убукеев, Т.Океев, Б.Шамшиев жана Г.Базаровдун тасмаларынын жаралышына сүрөтчү-коючу катары зор салым кошконун, биринчи кыргыз тасмасы болгон Л.Шепитьконун “Аптап”, А.Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмаларынын каармандарынын костюмдарын өз колу менен жаратканын, өзүнүн зор эмгеги аркылуу Кыргызстандагы жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү кесиптештеринин жана көрүүчүлөрүнүн арасында таанымал, урмат-сыйга ээ инсан болгондугун баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Муса Абдиев 1934-жылы Кыргыз ССРинин, Жалал-Абад облусундагы Орто айылында туулган.
1959-жылы Фрунзе шаарындагы көркөм өнөр жогорку мектебин бүткөндөн кийин, эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде тасмалардын сүрөтчү ассистенти болуп, андан соң сүрөтчү-коючу болуп өмүрүн акыркы жылдарына чейин эмгектенген
.
Улуттук киноискусствосундагы мыкты жетишкендиктери үчүн СССРдин кинематографиясынын отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү наамдары менен сыйланган.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.