Некролог - Муса Абдиев

Январь 9, 2024 - 11:00
Январь 10, 2024 - 11:02
 0  86
Некролог - Муса Абдиев
Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев 89 жаш курагында көз жумду. Ал 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Орто Азия айылында туулган. 1951-жылы Муса Абдиев мектеп-интернатты аяктап, Фрунзе сүрөт окуу жайына тапшырган. 1959-жылы окуу жайын аяктагандан кийин, Советтик армияда кызмат өтөгөн.
Муса Абдиев өзүнүн чыгармачыл ишин «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында баштаган. 1960-жылдары Муса Абдиев сүрөтчүнүн ассистенти катары иштеп, андан кийин сүрөтчү-коючу болуп иштеген.
Муса Абдиевдин сүрөтчү-коючу катары режиссёр Алексей Очкиндин «Тянь-Шандын кызы» фильминдеги алгачкы иши анын өзгөчө талантка ээ, кыргыз турмушун терең билген сүрөтчү экенин көрсөткөн. Андан кийин ал эл аралык престиждүү кинофестивалдарда көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогорку баасына татыган Лариса Шепитьконун «Аптап», Адольф Бергункердин «Жоро», Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» сыяктуу фильмдеринде иштеген.
Муса Абдиев – «кыргыз кереметин» жаратуучулардын бири. 1960-жылдары киного алгачкы жолу келген жаш сүрөтчү, көп өтпөй эле өзүнүн таланты жана көркөм эстетикалык табити менен өзгөчөлөнүп, кыргыз кинематографиясынын мыкты сүрөтчү-коючусу катары жогорку абройго ээ болгон.
Ал кыргыз кинематографиясында жалпы кино көрүүчүлөр сүйүп көргөн жана кыргыз киносунун тарыхында олуттуу мааниге ээ фильмдерди жаратуучулардын бири болуп калды. Муса Абдиев Кыргызстандын киносунун алтын фондуна кирген төмөнкү фильмдердин жаралышына катышкан: Режиссёр М. Ковалевдун «У каждого своя дорога», режиссёр Г. Базаровдун «Көчө», «Көздүн кареги», «Буктурма», «Каныбек», «Саманчынын жолу», режиссёр Б. Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», Ю. Борецкийдин «Шаркыратма», режиссёр Т. Океевдин «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш», «Махабат закымдары», режиссёр М. Убукеевдин «Элеттик роман» (Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү), режиссёр Д. Соданбектин «Не ищи объяснения», «Гибель во имя рождения», А. Сүйүндүковдун «Кайчылаш жол», «Кошокчу».
Муса Абдиевдин чыгармачылыгы кинематографияда жаш сүрөтчүлөр үчүн үлгү.
Анын үзүрлүү эмгеги татыктуу бааланып, ага «Кыргызфильм» киностудиясынын жогорку категориядагы сүрөтчүсү, СССРдин кинематографиясынын отличниги, Кыргыз эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылган.
Муса Абдиевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
С.Н.Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж.Байсалов, А.А.Максутов, С.Шер-Нияз, А.Бекболотов, Т.А.Кулмендеев, А.С.Токабаева, Ж.Өзбекова, Н.К.Токомбаева, С.Ишенов, М.Мусаев, А.Арым-Кубат, Ж.Соданбек, Н.Мамбетова, Ж.Сыдыкбаева, К.Абдыгулов, А. Суйундуков, Н.Абдыкадыров, Б.Одуракаев, А.М.Жангазиев, Т.М.Бирназаров, Г.Б. Толомушова, Б.Мукул.