Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев дүйнө салды

Январь 9, 2024 - 08:54
 142
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев дүйнө салды
2024-жылдын 7-январында, Кыргыз киносунун ардагери, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев 89 жаш курагында каза болду.
Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда туулган.
1959-жылдан баштап «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген. Ал кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.
Муса Абдиевдин фильмографиясы:
Төлөмүш Океевдин үч тасмасы: «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Чыңгыз Хан”
Геннадий Базаров тарткан үч тасма: «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Көчө».
«Ысык-Көлдүн кызгалдактары" режиссёру Болот Шамшиев;
«Түшүндүрмө издебе» режиссёру Жали Соданбек;
«Провинциалдык романс» - режиссёру Мелис Убукеев;
«Сундук предков» -режиссёру Нурбек Эген ж.б.
Кыргызстандын кино коомчулугу анын жубайы Ырысбүбү Абдиевага, Муса Абдиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-январда өтөт