Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды

Январь 1, 2024 - 19:57
Январь 1, 2024 - 20:16
 0  75
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды
Бүгүн, 31 –декабрда Кыргыз Республикасынын Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл акыны Сүйөркул Тургунбаев акыркы сапарга узатылды.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары-тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Санжар Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, Жазуучулар союзунун Төрагасы Нурлан Калыбеков, Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов, маданият ишмерлери жана акындын жакындары катышты.
Эл акынын акыркы сапарга узатууда анын кыргыз маданияты менен адабиятындагы салмактуу орду, окурмандарга жараткан мыкты чыгармалары менен гана чектелбеген аталык, агалык, адамдык кулк мүнөзү, нукура-насааттуу асыл кептери менен учкул сөздү таамай айткан чыгаан устаттыгы эскерилди.
Сүйөркүл Тургунбаев 2023-жылдын 29-декабрында 83 жаш курагында узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн кайткан.
Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы 12-июнда жарык дүйнөгө келген.
1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Алгачкы эмгек жолун 1964-жылы Ош облусуна караштуу Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1966-жылдан тартып, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи кызматтарында иш алып барган.
Сүйөркул Тургунбаевдин алгачкы поэтикалык жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы жарыкка басылып чыккан. Андан кийин удаама-удаа катары менен ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, адабий сын макалалардын автору болгон.
Дүйнөлүк адабияттагы улуу жазуучу-акындардын чыгармаларын которууда чоң эмгек жасаган.
Анын улуттук маданият менен адабиятка жалпы эле көркөм өнөрүнө кошкон зор салымын эске алып, мамлекетибиз тарабынан эмгеги жогору бааланып Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл акыны наамдары ыйгарылган.
Кыргыз ССРинин, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, бүтүндөй өмүрүн маданиятка жана арнаган көрүнүктүү акын Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.