Бүгүн, 5-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Анатай Өмүркановдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер, акындын жакындары, калемдештери жана чыгармачылыгын баалаган күйөрмандары катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын расмий бөлүгүн Маданият министринин орун басары Марат Тагаев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо каты менен тааныштырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Анатай Өмүрканов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалы менен сыйланды. Ошондой эле ага Бишкек шаардык кеңешинин “Патриот” төш белгиси ыйгарылды.
Мааракелик иш-чаранын алкагында акындын калемине таандык ырлар Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттеринин көркөм окуусунда орун алып, анын сөзүнө жазылган обондуу ырларды Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери аткарды. Концертти Улуттук филармониянын К. Орозов атындагы Кыргыз улуттук академиялык эл аспаптар оркестри коштоду.
Эске салсак, Анатай Өмүркановдун 80 жылдык мааракеси буга чейин, 2-июнь күнү акындын кичи мекени Талас облусунда да белгиленген.