2025-жылдын 1-2-майында Женева шаарында БУУнун Расалык басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Эл аралык конвенциясынын жоболорунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Бириккен 11- жана 12-мезгилдик баяндамасы каралды. Бул баяндаманы кароо БУУнун Расалык дискриминацияны жоюу боюнча комитетинин 115-сессиясынын алкагында өттү.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жетектеди. Делегациянын курамына негизги мамлекеттик органдардын, анын ичинде Жогорку Соттун өкүлү да кирди.
Сессиянын жүрүшүндө делегация мамлекеттик этносаясаттын багыттары, өлкөдөгү этностор аралык мамилелердин учурдагы абалы, улуттук мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр, ошондой эле социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий чөйрөдөгү негизги өнүгүүлөр тууралуу маалымат берди. Ошондой эле сот жана укук коргоо системасын реформалоого, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн уюштурулушуна жана адам укуктарын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын ишмердүүлү жөнүндө кеңири маалымат берди.
Талкуу учурунда БУУнун Комитетинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын баяндамасын даярдоо жана сунуштоо багытындагы аракеттерин оң баалашты. Алдын ала сунуш катары Комитет расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган чараларды мындан ары да ырааттуу ишке ашырууга чакырды.
1996-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасы Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияга кошулган. Эл аралык конвенцияга ылайык, ар бир катышуучу мамлекет БУУнун расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча өз милдеттенмелерин аткарылышы тууралуу Комитетке мезгилдүү улуттук баяндамасын берет.