Кыргыз Республикасынын архитекторлор коомчулугу оор жоготууга учурады

Май 4, 2025 - 09:35
 10
Кыргыз Республикасынын архитекторлор коомчулугу оор жоготууга учурады
2025-жылдын 3-майында белгилүү архитектор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бейшенбаев Уланбек Абыкеевич дүйнө салды.

Уланбек Абыкеевич 1958-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылында төрөлгөн.

1980-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктагандан кийин, эмгек жолун "Кыргызгипрострой" долбоорлоо институтунда архитектор болуп баштаган. "Кыргызгипростройдо" ал кенже архитектордон башкы долбоорлордун архитекторуна чейин өсүп жеткен.

Жаратман инсан катары Уланбек Абыкеевич бир топ маанилүү архитектуралык объектилердин иштелип чыгышына катышкан. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

Кыргызстандын аймагында:
—Чоң-Таш капчыгайындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси;
—"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги Ч.Айтматовго арналган мемориалдык комплекс;
—"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги
2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорго арналган күмбөз, "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси;
—"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги
2010-жылдын 7-апрель окуяларына арналган музей-мемориал;
— Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы Ч.Айтматовго арналган эстелик;
— Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ишмер И.Айдарбековго арналган эстелик;
— Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы 7-апрель жана Аксы окуяларынын курмандыктарына арналган мемориал;
—"Ата-Бейит" комплексинин аймагындагы, 1916-жылдагы кайгылуу "Үркүн" окуясынын курмандыктарына арналган мемориал;
— Бишкек шаарындагы акын импровизатор Калык Акиевге арналган эстелик;
— Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатырга арналган эстелик;
— Бишкек шаарындагы Пандемияга каршы күрөшүүдө курман болгон дарыгерлерге жана медиктерге арналган мемориал.

Ал эми чет өлкөлөрдө:
— Манаска арналган эстелик, Астана шаары (Казакстан Республикасы);
— Манаска арналган эстелик, Стамбул шаары (Түркия);
— Манаска арналган эстелик, Анкара шаары (Түркия);
— 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандыктарга арналган мемориалдык комплекс, Ржев шаары (Россия Федерациясы).
Кыргыз Республикасы Уланбек Абыкеевичтин чыгармачылыгын жогору баалап, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2002-жылы адабият жана искусство тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,
2016-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыган.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Маданиятынын мыктысы төш белгиси ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бейшенбаев Уланбек Абыкеевичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Анын кыргыз архитектурасына кошкон зор салымы эч качан биздин эсибизден чыкпайт.