Кыргызстанда экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт

Май 31, 2024 - 18:43
 21
Кыргызстанда экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт
2024- жылдын 11-15-июнь күндөрү Бишкекте экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” (БЭКФ) өтөт.
Улуттук киноискусствону мындан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, бул тармакты мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде өлкөдө киноөндүрүшүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, ошондой эле киноиндустриянын заманбап инфратүзүмүн түзүү максатында, өсүп келе жаткан муунду руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоодо киноискусствонун маанисин арттырууну көздөгөн фестиваль быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн (ККАО) 100 жылдыгына арналат.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулуда. Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө.
Кинофестивалдын (БЭКФтин) программасында ККАОнун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган улуттук тасмалардын “Ретроспектива” көрсөтүүлөрү, ошондой эле фестивалга келген кинорежиссерлордун жана маданият ишмерлеринин катышуусундагы мастер-класстар, лекциялар жана панелдик талкуулар каралган.
Фестивалдын алкагында жалпысынан 30дай тасма көрсөтүлүп, ар тараптуу мастер-класс жана Борбор азиялык кинематографисттер үчүн питчинг өткөрүлмөкчү.
Эл аралык” жана “Борбор Азиялык” болуп эки категорияга бөлүнгөн кино фестивалдын сынагында толук метраждуу көркөм тасмалар ат салышып, Борбор азиялык питчингде жаңы кинодолбоорлор талкууланып, мыктыларына байгелер ыйгарылат.
Экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын 2024-жылдагы конок өлкөсү - Иран Ислам Республикасы болуп саналат. Мындан улам фестивалдын алкагында 12-июндан 14-июнга чейин “Иран кино жумалыгы” өтүп, анда кино күйөрмандарына ирандык кинорежиссерлор жараткан төрт көркөм тасма жана бир анимациялык тасма тартууланат. Ал кинолордо өлкөдөгү бүгүнкү жашоо, улуттук маданият, каада-салттар жана үрп-адаттар тууралуу болмокчу.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулуп, 2024- жылдан тарта салт катары жыл сайын июнь айында өтмөкчү.
Бишкек эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 2023-жылдын 17-21 ноябрь күндөрү өтүп, ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлгөн.
Бишкек эл аралык кинофестивалы - 2023-жылы маданий жана эл аралык масштабдагы абройлуу иш-чара катары негизделип, кино тармагындагы кесипкөйлөрдү бириктирүү, жаңы биргелешкен эл аралык кинодолбоорлорду жаратуу, дүйнөлүк кино жамаатынын көңүлүн Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына жана жалпы эле Борбор Азия аймагына бурдуруу үчүн эффективдүү кино өндүрүштүк аянтча болууну көздөөдө.