Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кызматкерлери сыйлыктарга татышты

Май 29, 2024 - 17:51
Май 30, 2024 - 17:51
 17

Бүгүн, 29-майда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына карата, республиканын маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын бир катар кызмтаткерлерине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.
Сыйлыкты министрликтин атынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова тапшырып, иштерине ийгилик, чыгармачылык эргүү каалады.
Атап айтканда, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын “Элдик ырлар” кафедрасынын башчысы Жолдош Исраилов, “Эстрада музыкалык искусствосу” кафедрасынын башчысы Виолетта Чеботарева, “Жалпы фортепиано” кафедрасынын башчысы Марина Токсаитова, “Жалпы фортепиано” кафедрасынын окутуучусу Нурбек Болотбеков сыйланышса, “Ардак грамота” менен аталганмузыкалык окуу жайдын деканы Жолдошбек Койчуманов, “Жеке ырдоо” кафедрасынын жетектөөчү концертмейстери Наталья Войтенко, “Дирижерлөө” кафедрасынын улук окутуучусу Темирлан Токторбаев сыйланышты.
Ал эми ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раевдин К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдык мааракесинин куттуктоосун билдирүү менен уюмдун атынан, Түрк дүйнөсүнүн классикалык жана улуттук маданиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Түрксойдун атайын сыйлыгы К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына жана Түрксой эл аралык уюмунун ардак медалы аталган музыкалык окуу жайдын ректору Муратбек Бегалиевге тапшырылды.