17-апрелде Лейлек райондук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбековдун катышуусунда “Өрүкзар” эл аралык поэзия фестивалы салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.
Иш-чарада Эдиль Байсалов сөз сүйлөп кыргыздын сыймыктуу акыны Курбаналы Сабыровдун урматына арналган фестивалдын келечеги кең экендигине, бул саамалык өлкөлөр аралык адабий алаканы эле эмес, жүрөктүн тили болгон поэзия аркылуу коңшулаш элдердин ынтымагынын бекемделишине, дагы далай жылдар бою Өрүкзарлуу Баткен жергесинде ар кайсы элдин поэзиясы, ар кайсы тилде жаңыра берерине терең ишенерин билдирип, фестивалдын 35 жылдыгы менен куттуктады.
Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстан жана жалпы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген акындар өз тилдеринде ырларын окушту. Көрүүчүлөргө Курбаналы Сабыровдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу тасма, театралдык көрүнүш көрсөтүлүп, обондуу ырлар жаңырды.
Фестивалдын алкагында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө К. Сабыров атындагы адабий сыйлык, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
К. Сабыров атындагы сыйлыктын лауреаттары болуп төмөндөгү акындар табылды:
Гран-при жана 100 миң сом Максат Жангазиев;
1-орун жана 70 миң сом Гүлүмкан Исаева;
2-орун жана 50 миң сом Махабат Касейинова;
3-орун жана 35 миң сомдон Бүкалча Маматали кызы жана Жибек Сапар кызы.