Бүгүн, 17-апрелде ачык асман алдында Лейлек районунун Булак-Башы айылындагы өрүкзарда “Өрүкзар” эл аралык поэзия фестивалы башталды.
Фестивалдын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, адабият жана маданият ишмерлери, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, жалпы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген акындар, жергиликтүү эл катышты.
Иш-чара коңшулаш өлкөлөрдүн акындарынын адабий орток аянтчасына айланды. 40 жашка чейинки жаш акындар арасында сынак уюштурулуп, катышуучулардын ар кайсы тилдеги ырлары окулду.
Эл достугун даңазалаган, өзгөчө өрүкзарлуу Баткен жергесинде өткөрүлүп жаткан фестивалга быйыл 35 жыл болду. Улуттук адабияттын көрүнүктүү өкүлү, акын Курбаналы Сабыровдун атын алып жүргөн фестивалды кыргыздын дагы бир сыймыктуу акыны Абдилаат Дооров демилгелеп, жыл сайын үзгүлтүксүз түрдө уюштурулуп келет жана анын жеңүүчүлөрүнө К. Сабыров атындагы адабий сыйлык ыйгарылат.
Жыл сайын өткөрүлгөн фестивалдын бул жолкусу мамлекет тарабынан колдоого алынып, жүздөгөн акындын башын бириктирди.