Паралимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү

Август 21, 2024 - 09:24
Август 22, 2024 - 09:25
 23

21-августта Париж шаарында (Франция) 28-августтан 8-сентябрга чейин өтө турган XVII жайкы Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын узатуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Эдил Байсалов курама команданы узатып жатып, оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.
Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.
“Сиздердин жетишкендиктериңиздер жана спорт – баарыбызды бириктирүүгө, ар бирибизди күчтүү болууга жана жакшы жакка үндөп жатат. Сиздердин Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат. Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин жолуңуздарда ар дайым жаңы жетишкендиктерге орун болуп, күн сайын кыялдарыңыздарга жакындата берсин”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары.
МинКаб Төрагасынын орун басары Мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.
Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).