Бишкекте “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт

Август 22, 2024 - 09:20
Август 22, 2024 - 09:21
 30
Бишкекте “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт

Бишкекте “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт

Даниэль Лозакович 23-жаштагы белгилүү швециялык скрипка-виртуозу, кыргыздын жээни, “Скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозакович белгилүү композиторлор Моцарт менен Сибелиустун чыгармаларын аткарат.

Даниэлди бала кезинде окуткан Михаил Казиникти атайын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өтө турган концертине чакырган.
Михаил Казиник кыргыз музыка сүйүүчүлөрүн улуу композиторлордун укмуштуудай сырлары менен тааныштырат.

Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300 жыл болгон Страдивари скрипкасынын үнүн угууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет.

Лозакович Президент Садыр Жапаровдун атайын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100-жылдыгына карата келет.

Датасы: 29-август

Убактысы: саат 19:00

Өтүүчү жери: Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы