Беларусияда Кыргызстандын маданият күндөрү 2024-жылдын июнь айында өтөт

Май 4, 2024 - 14:53
 0  12
Беларусияда Кыргызстандын маданият күндөрү 2024-жылдын июнь айында өтөт
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу Баку шаарында VI Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык форумуна катышуунун алкагында Беларусь Республикасынын Маданият министри Анатолий Маркевич менен жолугушту.
Чыңгыз Эсенгул уулу жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун ушул жылдын июнь айынын биринчи жарымында Беларусияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча өтүнүчүн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы маданий байланыштар терең тамырлап, маданият күндөрүн жана улуттук күндөрдү өткөрүү жалпы маданий жана маалыматтык мейкиндикти бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берерин белгилешти.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында Беларусияда кыргыз киносунун күндөрү, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин көркөм көргөзмөлөрү, кыргыз дизайнерлеринин кийимдеринин көрсөтүүлөрү, эки мамлекеттин интеллигенция өкүлдөрүнүн жолугушуулары жана Кыргыз искусство чеберлеринин гала-концерти пландаштырылган.
Ошондой эле кыргыз делегациясы Беларусь Республикасынын Маданият министрлигинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү орун алып, Беларусиянын алдыңкы театралдык оюн-зоок мекемелеринин жана маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Өз кезегинде Беларусь тарап, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) улуттук маданият күндөрүнүн алкагындагы 2024-жылдын июль айында өтүүчү "Витебскидеги Славян базары" эл аралык искусство фестивалына катышууга чакырып, кыргыз тарап өз макулдугун берди.