Жеңиш Ысмановдун жеке концерти өттү

Май 5, 2024 - 23:52
Май 6, 2024 - 09:53
 0  8
Жеңиш Ысмановдун жеке концерти өттү
Жеңиш Ысмановдун жеке концерти өттү
Жеңиш Ысмановдун жеке концерти өттү
Бүгүн, 4-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынны эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы, чыгаан тенор Жеңиш Ысмановдун жеке концерти өттү.
Угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан үнү эмоционалдык берүүнүн тереңдиги жана техникалык жактан жеткилеңдиги менен айырмаланган таланттын концертине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жеңиш Ысмановдун чыгармачылыгынын башатында турган Кыргыз Республикасынын эл артисти Улукмырза Полотов баштаган устаттар Керим Турапов, Муратбек Бегалиев сындуу бир катар чыгармачылык интеллигенция өкүлдөрү, ырчынын ата-энеси жана күйөрмандары катышты.
Концерт чоң симфониялык оркестрдин жана Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестринин коштоосунда өтүп, башкы дирижеру Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Тилегенов болду.
Концертте Жеңиш Ысмановдун аткаруусунда улуттук жана дүйнөгө белгилүү чыгармалар жаңырып, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Жениш мырза дүйнөгө белгилүү Лучано Паваротти атындагы беделдүү PAVAROTTI D’ORO сыйлыгынын ээси. Бул сыйлык 2007-жылы белгилүү италиялык ырчы тенор Лучано Паваротти каза болгондон кийин негизделип, ал жыл сайын таланттуу опера ырчыларына берилип келет.
Учурда ал Италиянын Милан шаарындагы “Ла Скала” опера театрында эмгектенет. Жеңишбек Ысманов Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Ал беш баланын эң кичүүсү. 2000-жылы мектепти аяктап, эки жыл Кыргыз улуттук филармониясынын студиясында окуп, мугалими Кыргыз Республикасынын эл артисти Улукмырза Полотов болгон. Андан соң К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясын аяктаган.