“Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү

Май 4, 2024 - 22:56
Май 6, 2024 - 09:57
 0  19
“Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү
“Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү
“Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү
“Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү
Бүгүн, 4- май күнү дүйнөлүк классиканын шедеври Уильям Шекспирдин жаңы иштелип чыккан “Король Лир” спектаклинин премьерасы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.
Спектаклди Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору ойношту.
Король Лирдин ролун Кыргыз Республикасынын эл артисти Турусбек Жумалиев аткарды.
“Король Лир” спектаклин Москвадан, Санкт- Петербургдан чыгармачыл топ (режиссер, сүрөтчү, хореограф) атайын чакыруу менен келип иштешкен.
Спектакль эртең 5-майда да тартууланат.
Шекспирдин “Король Лир” пьесасы 1606-жылы жазылып, биринчи жолу 1608-жылы басылып чыккан. Спектакль жазылгандан бери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө көп коюлуп, тасмага тартылып келет.
Чыгарма боюнча: Улуу Британиянын карыган падышасы Лир тактыдан түшүп, падышалыгын үч кызынын ортосунда тең бөлүштүрүүнү чечет. Бирок, биринчиден, ал кыздарынын ар биринен аны канчалык жакшы көрөрүн айтып берүүсүн суранып, сынайт. Лирдин эки кызы атасына кошоматтуу жооп беришет. Бирок Лирдин эң кичүү жана сүйүктүү кызы Корделия атасын канчалык сүйөрүн сөз менен айтып бере албай турганын айтып унчукпайт. Лир ачууланып, Корделияга мансабын, байлыгын берүүдөн жана өзүнөн баш тартат. Бирок, Лир туура эмес чечим чыгарганын, падышачылыкты бөлүшуп алгандан кийинки кыздарынын мамилесинен улам тез түшүнөт...