Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өлкөдөгү чыгармачыл союздардын жетекчилери менен жолугушту

Апрель 25, 2025 - 18:14
 23
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өлкөдөгү чыгармачыл союздардын жетекчилери менен жолугушту
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өлкөдөгү чыгармачыл союздардын жетекчилери менен жолугушту
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өлкөдөгү чыгармачыл союздардын жетекчилери менен жолугушту
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өлкөдөгү чыгармачыл союздардын жетекчилери менен жолугушту
Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев өлкөнүн алдыңкы чыгармачыл союздарынын төрагалары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда чыгармачыл союздарды колдоо жана өнүктүрүү маселелери, ошондой эле 2025-жылга карата пландар талкууланды.

Жолугушууга төмөнкү жетекчилер катышты:
– Кыргыз Республикасынын Музыкалык ишмерлер союзунун төрагасы Түгөлбай Казаков;
– Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов;
– Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев;
– Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев;
– Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев;
– Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы Муратбек Бейшенбаев (бул союз менен кызматташтык 2024-жылдан тарта башталган).

Жолугушууда министр мамлекет тарабынан чыгармачыл уюмдарга системдүү колдоо көрсөтүлүп келе жатканын белгиледи. 2023-жылы чыгармачыл заказдар үчүн жалпы 65 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен 15 миллион сом Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна, ал эми калган алты союздун ар бирине 10 миллион сомдон ыйгарылган. Бул каражаттардын негизинде адабий чыгармалар жана котормолор жарык көрүп, адабият, музыка жана театр багыттарында сынактар өткөрүлгөн, чыгармачыл сапарлар уюштурулган. Мисалы, Жазуучулар союзу 46 адабий китеп басып чыгарып, аймактарда семинарлар менен чыгармачыл кербендерди өткөргөн. Театр ишмерлер союзу фестивалдарды, жаңы пьесалар сынагын жана Москва шаарында тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштурган. Композиторлор жана Музыка ишмерлер союзу жаңы чыгармалар боюнча сынактарды өткөрүп, балдар үчүн музыкалык окуу китептерин чыгарган.

2024-жылы алты чыгармачыл союздун ар бирине 5 миллион сомдон бөлүнгөн. Сүрөтчүлөр союзу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган республикалык көргөзмө-сынакты жана Сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдыгына карата жаш сүрөтчүлөр арасындагы “Кыргыз жүзү” аттуу сынакты уюштурган. Музыка ишмерлер союзу улуттук музыкалык аспаптарды — комуз, кыяк, темир ооз комуз жасаган усталардын республикалык кароо-сынагын өткөрүп, бөлүнгөн каражаттын ичинен 1,5 миллион сомду өздөштүргөн. Театр ишмерлери фестивалдарды улантып, жаш театр сынчылары үчүн мастер-класстарды уюштурган. Жазуучулар союзу өзүнүн 90 жылдык мааракесине арналган бир катар иш-чараларды өткөрүп, каражат толук өздөштүрүлгөн.

2025-жылы да ар бир чыгармачыл союзга жаңы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн 5 миллион сомдон бөлүү каралууда.

Министр чыгармачыл коомчулуктар менен ачык диалог маанилүү экенин баса белгилеп, мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз уюштуруларын билдирди.