III Бишкек Эл аралык кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды

Июнь 12, 2025 - 07:21
Июнь 13, 2025 - 11:21
 21

Бишкек шаарында өтүп жаткан III Бишкек Эл аралык кинофестивалы өз эшигин кеңири ачты. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман килеминен” өтүүдөн башталды. 

Салтанаттуу ачылыш Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында өтүп, концерттик пролог менен коштолду. Белгилүү аткаруучу Нурайым Азыкбаева, “Кенч” дуэти жана “Шаттык” бий ансамбли музыкалык номер тартуулашты.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкек эл аралык кинофестивалы 2023-жылдан бери өткөрүлүп жатканын, кыска убакыттын ичинде ал Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азия аймагындагы маанилүү маданий окуялардын катарына кирип, өлкөбүздүн маданий жүзү, улуттук бренди болууга татыктуу болгонун белгилеп өттү. 

Министр өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди сахнага чакырып, төрага расмий сөз сүйлөп, фестивалды ачык деп жарыялады.

Андан соң сахнага дүйнөгө белгилүү италиялык актёр жана режиссер Микело Плачидо чакырылып, ага министр Мирбек Мамбеталиев “Кинематографиядагы легендарлуу жетишкендиктери үчүн” сыйлык тапшырды. Микело Плачидо жөнүндө видеоролик көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.

Фестивалдын калыстар тобу да сахнада тааныштырылып, ар бир кино сынактын төрагалары өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты. Эл аралык, Борбордук Азия жана Кыргыз-Бокс конкурсунун катышуучуларынын тасмаларынын трейлерлери экранда көрсөтүлдү.

Фестивалдын алкагындагы программалар 15-июнга чейин уланат.