12-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттеринин салттуу отчёттук концерти болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.
Эдил Байсалов өз сөзүндө улуттук маданиятты өнүктүрүүдө жана жаш таланттарды тарбиялоодо консерваториянын маанилүү ордун баса белгилеп, “Бул жерде күн сайын өзүнүн талантын, эмгегин жана жан дүйнөсүн улуттук музыка өнөрүнө арнап келе жаткан студенттер менен окутуучулар чогулган. Консерватория — жөн гана билим берүү мекемеси эмес, бул — маданияттын чордону” деди. Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөргө ачык жол, бийик максат, алдыдагы албан ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалады.
Концерттик программада классикалык жана улуттук музыкалар аткарылып, сахнага оркестрлер, ансамблдер, хорлор жана жеке аткаруучулар чыгышты.
Белгилей кетсек, быйыл консерваторияны 57 студент аяктап жатат. Алардын көпчүлүгү эл аралык жана республикалык конкурстардын жеңүүчүлөрү жана дипломанттары болуп эсептелет.