Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги заманбап журналистиканын медиа мектебин баштайт!

Долбоордун алкагында ар ай сайын тренингдер өткөрүлүп, журналистиканын сапатын жогорулатууга, этиканы сактоого жана медианын туруктуу өнүгүшү боюнча тренингдер өткөрүлөт.
Тренингдердин алкагында Медиа жана тил саясаты, Жасалма интеллект жана журналистика, Мультимедиа форматтары — подкаст, видео жана инфографиканын эффективдүү колдонулушу, Социалдык тармактар жана журналистика, Фактчекинг жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү, Маалымат булактарын коргоо жана санариптик коопсуздук жана башка маанилүү жана актуалдуу темаларга талкуулар жүргүзүлөт.
Биринчи тренинг бул серияны ачып, 2025-жылдын 18-июнунда саат 9:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдө журналистиканын орду” темасы боюнча өтөт.
Медиакоомчулуктагы бардык кызыкдар тараптары катышууга чакырабыз!