Адилет Токтогазиев Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды

Июнь 12, 2025 - 20:34
Июнь 13, 2025 - 09:31
 14
Адилет Токтогазиев Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды
Адилет Токтогазиев Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды
Адилет Токтогазиев Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды
Адилет Токтогазиев Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын буйругуна ылайык, Токтогазиев Адилет Барадинович Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды.

Жамаатка жаңы жетекчини министр Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.

Токтогазиев Адилет Барадинович 1971-жылы 8-июнда Нарын облусунда төрөлгөн.

Билими жогорку. 1981-1989-жылдары Фрунзе шаарындагы хореографиялык окуу жайында окуп, балет артисти адистигин алган. Андан соң, 1989-1995-жылдары Москва мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп, балетмейстер-педагог квалификациясын алган.

Эмгек тажрыйбасы ар тараптуу жана эл аралык деңгээлде. Ал АКШдагы “Carnival Cruise Lines” компаниясында хореограф жана бийчи болуп иштеген. Москва шаарындагы Наталия Сац атындагы театрда балет солисти болгон. Ошондой эле, Кыргызстандын Паралимпиадалык спорттук бий федерациясында башкы машыктыруучу (тренер) болуп эмгектенген.

Чыгармачылык ишмердүүлүгүндө 30дан ашуун бий койгон, алардын катарында кыргыз улуттук, заманбап, инклюзив жана классикалык бийлер бар. Москва, Санкт-Петербург, АКШ жана башка өлкөлөрдө эл аралык деңгээлдеги белгилүү шоулорго катышкан.

2017-жылдан бери К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Хореография режиссурасы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келген.