27–30-апрель күндөрү Тегеранда (Иран Ислам Республикасы) соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын 14-жыйыны өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышууда.
Жыйындын алкагында Союзбек Надырбеков Иран Ислам Республикасынын Спорт жана жаштар министринин орун басары жана Иран Президентинин алдындагы Жаштар иштери боюнча Жогорку Советтин катчысы Дидар Алиреза Рахими менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаштар саясаты, маданият жана жаштар уюмдары ортосундагы тажрыйба алмашуу багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, маданий алмашууларды, форумдарды, фестивалдарды уюштуруу жана жаштар стартаптарын колдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Өкмөттөр аралык комиссиянын иши уланууда. Жетишилген макулдашуулар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары дагы тереңдетүүгө бекем негиз болуп берет.