Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен 100 аталыштагы китептерди жалпы 100 000 нускада басып чыгарды.
Министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова алгачкы китеп топтомдорун Чүй облусундагы китепканаларга расмий түрдө тапшырды. Иш-чара Чүй облустук китепканасында өтүп, андан ары райондордогу жана айылдык китепканаларда, андан кийин Кеңеш айылында улантылды.
Бул китептер Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана аркылуу республиканын бардык аймактарындагы китепканаларга таратылууда. Долбоор кыргыз маданиятын, адабиятын жана улуттук нарк-насилди колдоого багытталган. Басылып чыккан китептердин катарында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, кыргыз адабиятынын баштоочуларынын эмгектери, балдар үчүн чыгармалар жана дүйнөлүк адабияттын мыкты котормолору бар.