Союзбек Надырбеков Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту

Июнь 12, 2025 - 17:26
 11

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга учурдагы лицензиялоо жол-жоболорун талдоо, негизги маселелерди аныктоо жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында келген улук экономисттер, консультанттар жана эл аралык адистер катышты.

Жолугушуу учурунда маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөлөрүндөгү өзүнчө ишмердүүлүктөрдү жөнгө салууга байланыштуу административдик багыттар талкууланды. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү министрликтин бул багыттагы ишмердүүлүгү менен таанышып, колдонулуп жаткан жөнгө салуу жана лицензиялоо механизмдери тууралуу маалымат алышты.

Министрликтин башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары жана жооптуу адистери учурдагы жол-жоболор тууралуу кеңири маалымат берип, көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды белгилешти.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар административдик жол-жоболорду натыйжалуу жана ачык жүргүзүү, ошондой эле ишкерликти өнүктүрүүгө ыңгайлуу чөйрө түзүү багытында мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдиришти.