Жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучуларга билдирүү

Февраль 21, 2025 - 16:26
 10
Жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучуларга билдирүү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги акыркы убакта коомчулукта Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүү инсандардын катышуусунда финансылык алдамчылык жарнамаларын интернет тармагында жайылтуу фактылары көбөйгөнүн белгилеп, мындан улам жарнама кылууда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн талаптардын сакталышын жана 7-беренени эске алууну эскертет.

Эскерте кетсек талаптагыдай эмес жарнама - мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна жана ыкмасына карата жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузулушуна жол берилген жазгырмалуу, анык эмес, этикага жат жарнамалар болуп эсептелет.

Министрлик ошону менен катар жарнама кылууда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 5-7-беренесинде көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы керектиги жана ушул эле мыйзамдын 31-беренесинде жеке жана юридикалык жактар (жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар) жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликтер каралганын билдирет.