Эл аралык балет жылдыздарынын бешинчи юбилейлик фестивалы башталды

Май 23, 2025 - 22:10
 9

Бүгүн, 23-майда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Дүйнөлүк балеттин шедеврлери” аттуу эл аралык балет жылдыздарынын бешинчи юбилейлик фестивалы П. И. Чайковскийдин дүйнөгө белгилүү “Ак куу көлү” («Лебединое озеро») балети менен башталды.

“Ак куу көлү” балети Кыргызстан, Казакстан, Япония жана Россиянын алдыңкы балет бийчилеринин катышуусунда өтүп, балет өнөрүнүн бийик чеберчилигин көрсөттү.

Башкы партияларды аткаргандар:

Одэтта-Одиллия – Абай атындагы Казак улуттук академиялык опера жана балет театрынын прима-балеринасы, эл аралык конкурстардын лауреаты Малика Ельчибаева;
Ханзада Зигфрид – АКШдагы World Ballet Company труппасынын солисти Арсентий Лазарев,
Ротбарт (Залим Гений) – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Атабек Садыркулов.
Маскарапоздор – Екатеринбург шаарындагы “Урал балет” театрынын солисти Томоха Тэрада жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эл аралык конкурстардын лауреаты, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Фарух Садыркулов.

Ошондой эле, А. Малдыбаев атынданы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет артисттери катышты.

Балетти А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестри коштоду.

Дирижёру – Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурматбек Полотов.

П. И. Чайковскийдин төрт актылуу “Ак куу көлү” балети ханзада Зигфриддин сулуу Одэттага болгон сүйүүсү жөнүндө баяндайт. Атактуу балет 1877-жылдан бери дүйнө театрларынын сахналарында коюлуп келет. Кыргызстанда бул спектакль ХХ кылымда театр өнөрү жандана баштагандан бери балет сүйүүчүлөрүнө тартууланып турат. Бул балетте эл артисттери Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сындуу балет жылдыздарынан тартып ондогон өнөрпоздор башкы ролдо бийлешкен.

Иш-чара продюсер Атабек Садыркулов жетектеген "ArtClassic KG" компаниясы тарабынан уюштурулууда. Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандагы балет өнөрүн өнүктүрүү, эл аралык маданий байланыштарды кеңейтүү жана дүйнөлүк балет жылдыздарын кыргыз сахнасына тартуу менен тажрыйба алмашуу.

Фестиваль, эртең 24-майда Кыргызстандык жана чет элдик балет артисттеринин катышуусундагы Гала-концерт менен аяктайт. Башталашы саат – 18:00.