Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрү өтөт

Июль 17, 2024 - 11:51
 20
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрү өтөт
2024-жылдын 18-22-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрү өтөт.
Маданият күндөрдү өткөрүү 2023-жылдын 26-27-январь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш. М. Мирзиеевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планынын Жол картасы жана 2024-жылдын 3-майында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу тууралуу Өкмөттөр аралык 11-жыйынын негизинде ишке ашууда.
Делегациянын толук курамын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жетектейт.
Ага расмий жана чыгармачылык интеллигенция өкүлдөрү, Кыргыз Улуттук “Манас” театры, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамбли, Чоро Кожомжаров атындагы эстарда-симфониялык оркестри, Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры, Кыргыз Улуттук тарых музейи, “Дилгир” жана “Шаттык” үлгүлүү бий ансамблдери, белгилүү кино ишмерлери, кол өнөрчүлөр жана белгилүү солисттер катышат.
Жалпысынан маданий күндөргө Кыргызстандан 200дөн ашуун өнөр адамы барып, кыргыздын искусство чеберлеринин концерти, кол өнөрчүлүгү, сүрөт искусствосу, кыргыз кинолору, улуттук бийлери жана спектакли тартууланат.
Маданият күндөрдүн программасы:
18-июль, 17:30
“Өзбекстан” эл аралык форумдар сарайында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы;
19-июль, 14:00
Өзбекстан Республикасынын Жазуучулар союзунда кыргыз-өзбек коомдук жана маданий ишмерлеринин жолугушуусу;
20:00
Навои атындагы кинотеатрында Кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылышы;
21:00-00:00
“Голубые купола” маданий сейил багында Улуттук “Манас” театры тарабынан кыргыз айылынын ачылышы;
20-июль, 17:00
Өзбекстан Мамлекеттик консерваториясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин концерти;
19:00
Мукимий атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын “Саманчынын жолу” спектакли;
21:00-00:00
Ташкент шаардык “Голубые купола” маданий сейил багындагы “Кыргыз айылында” Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрүнүн гала-концерти. Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы.
22-июлда Бухара шаарында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамблинин жана Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамблинин жана белгилүү солисттердин катышуусунда гала-концерт өтмөкчү.