Айнура Аскарова Улуттук китепкананын директору болуп дайындалды

Июль 16, 2024 - 15:46
Июль 16, 2024 - 19:47
 11
Айнура Аскарова Улуттук китепкананын директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен Аскарова Айнура Алмасбековна Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору болуп дайындалды.
Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министр Алтынбек Максутов тааныштырып, китепкананын ишин алдыга жылдырууга ишенимин артып, жооптуу ишине ийгилик, жамаатка ынтымак каалады.