Маданият министри Алтынбек Максутов иш сапары менен Астана шаарында

Сентябрь 13, 2024 - 14:23
 13

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бүгүн, 11-сентябрда Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан жана Россия улуттук курама командаларынын ортосундагы көк бөрү боюнча беттешине катышты.
Министр күйөрмандык кылган жарым финалдык оюн Астанадагы “Казанат” аттуу ипподромунда өттү. Кыргызстандын курама командасы Россияны 11:6 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Ал эми эртең, 12-сентябрда чечүүчү, алтын байге үчүн беттешин Казакстандын курама командасы менен өткөрөт.
Оюндан соң министр жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө интервью берип, андан кийин Казакстан Улуттук телеканалынын “Талкы” программасынын жана “Хабар” агенттигинин “24KZ” телеканалынын маалымат программасынын түз эфирине катышты.