21-майда К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачылык жамааты Башкырстандын борбор калаасы Уфа шаарында өтүүчү “Туганлык” Эл аралык фестивалына катышуу үчүн сапар алышты.
22-майда Көл театры аталган Эл аралык фестиваль өтүүчү сахнада доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин инсценировкасы боюнча сахналаштырылган спектаклди көрсөтүшөт.
Спектаклди Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси, режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.
Аталган спектакль 2023-жылы Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган түрк тилдүү театрлардын Эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган.
“Ак кеме” спектаклинде каармандардын дүйнө таанымдары, бири-биринен кескин айырмаланган катаал тагдырлары жаңыча көз караштар менен берилген.
Спектаклдеги башкы жана негизги каармандардын бейнелерин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Гүлайым Осмонова, Калича Акматова, Талипжан Боронбаев, Гүлмира Нургазиева, театрдын талантуу артисткасы Света Абдыкадырова, жаш актер Эльдияр Мамбеталиев, Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр факультетинин студенти Айшоола Тажыбекова чеберчилик менен жеткиликтүү ачышкан.
Ал эми Ысык-Көл театры 28-майда Москва шаарындагы мекендештербизге Кыргыз Респуликасынын эл жазуучусу Султан Раевдин “Күн кармаган бала” повестинин негизинде сахналаштырган спектаклди көрсөтүшөт.
Аталган спектакль 2023-жылы 9-ирет өткөрүлгөн IХ Эл аралык “АРТ-ОРДО” театр фестивалында Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия, Беларусь мамлекеттеринин театрларынан суурулуп, баш байгеге ээ болгон.
Бул чыгармачыл сапар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылык колдоосу менен менен ишке ашат.