Бүгүн, 27-июнда Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынын жыйындар залында Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган, кесипкөй психологдор катышкан маалыматтык иш-чара болуп өттү.
Бул демилге мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жабыркагандарды коргоо, ошондой эле өспүрүмдөрдүн катышуусундагы укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Иш-чарада Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин координациялоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башкы инспектору, милициянын подполковниги Рахим Абдылдаев, Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору, милициянын подполковниги Наргиза Усенова, Бишкек шаардык мэриясынын зомбулукка кабылган балдарды коргоо борборунун психологу Гүлзат Исабекова доклад жана презентация менен чыгышты.
ИИМдин кызматкерлери учурдагы мыйзамдар, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн каралган жоопкерчилик чаралары жана жабыркагандарды колдоо механизмдери жөнүндө кеңири маалымат беришти. Ал эми чакырылган психолог катышуучуларга зомбулуктун белгилерин эрте аныктоо ыкмаларын сунуштап, коопсуз чөйрөнү түзүү боюнча сунуштарын айтып, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.
Өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, алардын айланасындагы чөйрөнүн өз убагында реакция кылуудагы ролу жана балдарды коргоо менен аяр үй-бүлөлөргө комплекстүү, туруктуу мамиле кылуунун зарылдыгы өзгөчө белгиленди.