10-октябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында орус элинин чыгаан адабиятчысы М.Горькийдин калемине таандык “Түпкүрдө” спектаклинин алгачкы премьерасы көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Спектаклдин башкы режиссёру Адыл Болорбек уулу.
Драманы которуп, кыргызчалаган Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ашым Жакыпбеков.
“Түпкүрдө” спектакли адамдардын бири-бирине болгон инсандык мамиленин маанилүүлүгүн баяндайт. Түпкүрдө калуу ичкиликтин түбүнө түшүү же чалынган соң тура албай калуу эмес! Түпкүргө түшүү адамдын жан дүйнөсүнүн тарышы, башкаларга заарын чачып, жылуу мамиле кылууну унутуусу, ызага уулануусу. Мындай капканга ар кимибиз түшүп калуубуз толук мүмкүн…
Спектакль театрда 11-12-октябрь күндөрү да көрүүчүлөргө тартууланат. Башталышы саат 18:30.