Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызмат ордунан
Абдыкалыкова Гульбара Кадырбековна бошотулуп, Мадаминов Аскаралы Шукуралиевич дайындалды.
Аскаралы Мадаминов боюнча КР МинКаб чечимин жалпы жамаатка министр Мирбек Мамбеталиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырып, жаңы дайындалган орун басардын жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалашты.
Аскаралы Мадаминов министрликтин административдик иштерин координациялоону жүргүзмөкчү.
Аскаралы Мадаминов тууралуу маалымат:
• 1988-жылы туулган, жогорку билимдүү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.
• Эмгек жолун 2008-жылы баштаган, мамлекеттик жана коомдук кызматтарда ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган.
• Жогорку Кеңеш депутатынын жардамчысы болуп иштеп, мыйзам чыгаруу процесстерине катышкан.
• Кыргыз Республикасынын Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик агенттигинин улуттук спорттун түрлөрү боюнча олимпиадалык эмес дирекциясында жетекчилик кызматтарды аркалап, II, III жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулук иштерине активдүү катышкан.
• 2025-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборунун директору болуп иштеп келген.
• Мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууда чоң тажрыйбага ээ.
• Премьер-министрдин, бир катар министрликтердин жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги» төш белгисинин ээси.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңы дайындалган орун басарга Кыргызстандын маданий, маалыматтык жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирет.