2025-жылдын 15-сентябрында Улуттук тарых музейинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Иш-чара улуттук кино өнөрүнүн азыркы абалын талдоо жана анын мындан аркы өнүгүү багыттарын аныктоо максатында уюштурулду.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин орун басары Марат Тагаев, Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев, ошондой эле Улуттук кинематография кеңешине мүчө болгон маданият тармагынын өкүлдөрү, белгилүү кинематографисттер жана кино жаатындагы эксперттер катышты.
Жыйында "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү же кайра иштеп чыгуу жана Кинематография тармагын 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын жана 5 жылдык план түзүү боюнча, 2026-жылдагы өндүрүштүк пландарды аныктоо жана өндүрүштүк топтун 2-составына адистерди даярдоо боюнча окутууларды өткөрүү маселелери талкууланды. Бул кадамдар кино тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө жана жаңы муун кинематографисттерин колдоого өбөлгө түзөт.
Эскерте кетсек жыйын 2025-жылдын 9-августунда өткөн кеңешменин уландысы болуп саналат.