МИРБЕК МАМБЕТАЛИЕВ МЕНЕН ОЛЬГА ЛЮБИМОВАНЫН ЭКИ ТАРАПТУУ ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

Сентябрь 17, 2025 - 13:31
 49
МИРБЕК МАМБЕТАЛИЕВ МЕНЕН ОЛЬГА ЛЮБИМОВАНЫН ЭКИ ТАРАПТУУ ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ
МИРБЕК МАМБЕТАЛИЕВ МЕНЕН ОЛЬГА ЛЮБИМОВАНЫН ЭКИ ТАРАПТУУ ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ
МИРБЕК МАМБЕТАЛИЕВ МЕНЕН ОЛЬГА ЛЮБИМОВАНЫН ЭКИ ТАРАПТУУ ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ
2025-жылдын 13-сентябрында XI Бириккен маданияттар форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимованын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири маселелерин, анын ичинде искусство, билим берүү, музей жана китепкана иши боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана жаштар демилгелерин колдоо маселелерин талкуулашты.
2024-жылдын октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүнүн ийгилиги белгиленип, 2025-жылдын октябрь айынын аягында өтө турган Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнө даярдыктын маанилүүлүгү баса белгиленди. Бул иш-чаралар эки өлкөнүн маданий диалогун чыңдоого маанилүү кадам болуп саналат.
Министр Мамбеталиев 2028-жылы улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесине карата Санкт-Петербург шаарында Чыңгыз Айтматовго эстелик орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар театр жана кинематография тармагындагы демилгелерди колдоо, ошондой эле кыргызстандык чыгармачыл жамааттардын «Интервидение–2025» сыяктуу эл аралык долбоорлорго катышуусун талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар активдүү кызматташууну улантууга жана гуманитардык байланышка жаңы дем берүүгө даяр экендигин билдиришти.