УҢГУЖОЛДУН УЧУН ИЛИКТЕП... УВС АЙМАГЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-НУУР КӨЛҮНӨ САПАР

Сентябрь 2, 2025 - 14:07
 15

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен уюштурулган этнографиялык-илимий экспедициянын алкагында Монголиянын Увс аймагындагы Кыргыз-Нуур (Кыргыз-Көлү) аймагына илимий-сапар ишке ашырылды.
Жумушчу топтун мүчөлөрү Сулайман Кайыпов, Гүлзада Абдалиева, Атыркүл Сейизова жана Бакыт Султаналиевдин баяндоосу: 2025-жылдын 24-августу... Бул күн үчүн Кыргыз-Нуур (Кыргыз-Көлү) көлүнө барып, анын жаратылышы, айланасында жашаган элдин турмушу, сакталган тарыхый эстеликтер менен таанышуу иштери мерчемделген эле. Таңкы салкында жолго чыкканыбыз менен, Кыргыз-Нуурга шыр эле кирип бара алган жокпуз. Башталышы асфальт болсо да, уланышы аңдуу-дөңдүү, ээн талаа эрме чөлдү аралаган сокур тоом жол менен бара жаттык.
Жолдун бирде оң, бирде сол жагында жайгашкан кыргыз мүрзөлөрү бизди арбап алды. Айрым жолго жакыныраак көрүнгөндөрүнө барып, айланта көрүп да чыктык. Бул миңдеген жылдар бою кебелбей турган, кийин гана таштары талоонго учураган корумдардын куруучуларына таазим кылбай койбойсуң.
Токтогон жерлерибизде жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшүп, маалымат алган учурларыбыз да болду. Мисалы, жол боюнда жайгашкан Наранбулаг айылына токтоп, 75 жаштагы айыл аксакалы Эрээн Өлзий менен маек курдук. Ал Наранбулагда жалпы 4000 адам жашап, анын 300ү хотон этникалык тобу болуп, арасында бурттар (буруттар) да бар экендигин айтты.
Сапар андан-ары уланып, Кыргыз-Нуур көлүнүн жээгине келип токтодук. Көл жээгинде жайгашкан кыйла чоң эс алуучу жайлардын биринин кожоюну да бурт уруусунун өкүлү экен. Ошол жерде иштеген жергиликтүү инсандардан Кыргыз-Нуур көлү тууралуу топонимикалык сурамжылоолор жүргүздүк.