Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди

Июнь 18, 2025 - 16:34
Июнь 18, 2025 - 16:35
 8
Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди
Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди
Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди
Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди
Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди
Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди
Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди
Бүгүн, 18-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Ант берген министрлердин катарында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев да бар.

Мамлекет башчы жаңы дайындалган министрлерге кайрылып, алардан ийгиликтүү иштер гана эмес, көптөн бери коомчулукта жана депутаттар арасында көтөрүлүп келген чечилбеген маселелер үчүн да жоопкерчилик талап кылынаарын белгиледи. Ал ар бир дайындоо — изги тилекке, коомдун жана мамлекеттин чоң үмүттөрүнө, ошондой эле ишеним менен тапшырылган тармактарды өнүктүрөт деген ишенимге негизделерин өзгөчө белгиледи.