Азербайжанда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды

Апрель 23, 2024 - 22:35
Апрель 24, 2024 - 12:36
 0  18

Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжан Республикасынын Маданият министринин орун басары Гусейнов Мурад Фарид оглу, атайын чакырылган расмий коноктор, Кыргызстандын жана Азербайжандын маданият жана искусство чеберлери, Баку шаарында жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.
Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышында министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан жана Азербайжан эли дүйнөнүн эки башка чөлкөмүндө жайгашканына карабастан, ар дайым ынак жана бири-бирине жакын боордош эл экенин айтып, орток тарых жана бай маданият аларды жакындата турганын белгиледи.
Ошондой эле ал өз сөзүндө Кыргызстандын Азербайжан Республикасындагы Маданият күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель күндөрү Азербайжан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен Комиссиянын 5-жыйынынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашып жатканын белгилеп, мындай тыгыз кызматташуулар алаканын дагы бир жогорку деңгээлге чыгарып, эки элди мындан да жакындаштырат деп сөзүн жыйынтыктады.
Кыргыз киносунун расмий ачылышында режиссер Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы кыргыз тилинде көрсөтүлүп, азербайжан тилинде субтитр менен коштолду. Кино күндөрүнүн ачылышына режиссер Руслан Акун дагы катышты.
Кино күндөрүнүн алкагында кыргыз кино ишмерлери боюнча атайын даярдалган сүрөт көргөзмө сунушталды.
Кино күндөр дагы эки күн өтөт.
Программа:
24- апрель
17:00 – Низами кинотеатрынын кичи залы “ERROR#404” тасмасы.
25-апрель
19:00 - Низами кинотеатрынын кичи залында “Бейиш эненин таманында” тасмасы.