Астана шаарында Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган II Казак-Кыргыз жаштар форумунун ачылыш аземи өттү

Апрель 18, 2024 - 17:56
Апрель 18, 2024 - 22:57
 0  15

Бүгүн, 18-апрелде Казакстан Республикасынын Астана шаарында Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган II Казак-Кыргыз жаштар форумунун ачылыш аземи өттү.
Иш-чаранын негизги максаты- маданий алмашууга көмөктөшүү, эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле жашыл, санариптик жана креативдүү экономика жаатындагы кызматташтыкты илгерилетүү болуп саналат.
Форумга Казакстандагы жаштар уюмдарынын жетекчилери, студенттер коомчулугунун өкүлдөрү, коомдук активисттер, ар кыл тармактагы жаш жигердүү адистер катышууда.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев башында турган Кыргызстандын делегациясынын курамында маданият, ыктыярчылык, жасалма интеллект, экология, блогерлик, жаштар саясаты жана актуалдуу тармактарда жигердүү эмгектенип, ийгилик жаратышкан 30 жакын лидер жаштар бар.
Марат Тагаев форумдун ачылыш аземинде куттук сөз айтып, эки өлкө ортосундагы достук, ынтымак жана кызматташтыкка багытталган уникалдуу аянтчаны уюштургандыгы үчүн кесиптеши Дмитрий Евгеньевич Кочетов жетектеген жамаатка жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн жетекчилеринин жана парламенттеринин төрагаларынын демилгеси менен Бишкектеги өткөн бир туугандык форум өнөктөштүктүн эң мыкты башталышы болгондугу жана бүгүнкү күнү ал уланып жатканына кубанычта экенин билдирип, “жаштар - бул биздин мамлекеттерибиздин келечеги. Ал эми биздин милдет – жаштардын өнүгүү, тажрыйба алмашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана камсыз кылуу”-деди ал.
Марат Тагаев өз кезегинде Казакстандагы акыркы болуп өткөн жаратылыш кырсыктарынан каза болгон жана жабыр тарткан боордошторубузга бир тууган кыргыз элинин жана Кыргызстандын жаштарынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Форумдун жүрүшүндө казак-кыргыз жаштары "Климаттык активдүүлүк-эки өлкөнүн жаштарын баш коштуруунун куралы катары", "Санариптик келечек: Казакстан жана Кыргызстандын жаштары үчүн заманбап тренддер жана мүмкүнчүлүктөр", Казакстан менен Кыргызстандын маданият жаатындагы темаларда баяндама жасашып, "Блогерлик", "Ыктыярчылык", "Жаш мамлекеттик кызматкерлер", "Креативдик индустрия" ж.б. багыттары боюнча диалогдук аянтчада пикир алышышты.
Форумдун соңунда катышуучуларга “Тынчтык жана Ынтымак сарайында” гала-концерт тартууланды.
Форум эртен, 19-апрелде да уланат.