Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды

Апрель 26, 2024 - 22:53
Апрель 30, 2024 - 12:54
 0  7
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
Бүгүн, 26-апрелде Азербайжандын Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды. Ал Шихали Курбанов атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык музыкалык театрында өтүп, ага эки мамлекеттин маданият министрлери, интеллигенция өкүлдөрү, расмий чакырылган меймандар жана Баку шаарынын тургундары жана мекендештер катышты.
Эгемендүүлүк алган жылдан тарта биринчи жолу уюштурулган маданият күндөрүнө Кыргызстандан искусствонун ар тармагын камтыган 100дөн ашуун өнөр адамдары келди.
Тарыхый жана маданий байланыштарга мүмкүнчүлүк түзгөн мааниси терең иш-чара Баку шаарынын эли кыргыздын улуттук тамак-ашы, салттуу-заманбап кийим-кечеси, көркөм өнөрү, тарыхый баалуулуктары, кыргыз киносу, кол өнөрчүлүгү жана искусствонун бардык багыттарын камтыган чоң программадагы концерттерге күбө болуп, эки мамлекеттин интеллигенция өкүлдөрүнүн кеңири форматтагы жолугушуусу орун алды.
Жабылыш салтанаттагы концертте, манас айтылып, төкмө акындар кыргыз-азербайжан достугун даңазалап, улуттук жана дүйнөлүк классикалык чыгармалар жаңырып, балет жана кыргыз бийлери бийленди.
Маданият күндөрүнүн башкы режиссеру Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурлан Асанбеков болду.
Коцерттик программага Улуттук “Манас” театрынын төкмө–акындары, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нур Омурбаев жетектеген Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык- симфониялык оркестри, Кыргыз Республикасынын эл артисти Анаргүл нургалиева жетектеген Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик “Ак- Марал” бий ансамбли, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын тарбиялануучулары, “Мурас” фольклордук- этнографиялык ансамбли катышты.
Ачылыш жана жабылыш салтанатта кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү көрсөтүлүп, меймандар кыргыздын улуттук тамак-ашынан даам сызышты.
Мындай маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель күндөрү Азербайжан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен Комиссиянын 5-жыйынынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашты.