Будапештте маданият, билим берүү жана инновация боюнча Мажар-Түрк cаммити болду

Апрель 30, 2025 - 14:22
 6

2025-жылдын 28-29-апрель күндөрү Мажарстандын (Венгрия) Будапешт шаарында маданият, билим берүү жана инновация боюнча Мажар-Түрк cаммити болуп өттү.

Аталган саммитке Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова катышты.

Саммитте – мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданият, жогорку билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө арналган иш-чаралар тууралуу баарлашуу болуп, бул жааттагы кызматташууну илгерилетүү тууралуу талкуулар болду.

Саммиттин алкагында аймакта маданий алмашууларды өркүндөтүүгө багытталган “Биздин бирдиктүү маданий байланыш – дүйнөгө биздин салтты көрсөтүү менен регион катары кантип алакабызды чыңдайбыз” аталышындагы пленардык жыйын өттү.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара маданият, жогорку билим беруу жана илим жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө тууралуу декларацияга кол коюшту.