Чыңгыз Эсенгул уулу Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин биринчи жыйынына катышты

Май 1, 2024 - 17:44
Май 1, 2024 - 22:07
 28
Чыңгыз Эсенгул уулу Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин биринчи жыйынына катышты
Чыңгыз Эсенгул уулу Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин биринчи жыйынына катышты
Чыңгыз Эсенгул уулу Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин биринчи жыйынына катышты
Чыңгыз Эсенгул уулу Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин биринчи жыйынына катышты
Чыңгыз Эсенгул уулу Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин биринчи жыйынына катышты
Чыңгыз Эсенгул уулу Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин биринчи жыйынына катышты
2024-жылдын 30-апрелинде Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун Түрк маданияты жана мурасы фондунун кеңешинин мүчөлөрүнүн биринчи отурум болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө Түрк маданияты жана мурасы фонду катышуучу өлкөлөрдүн маданият министрликтери тарабынан сунушталган негизги башкаруу органы болуп санала тургандыгын жана жалпы уникалдуу маданий мурасыбызды коргоо, калыбына келтирүү жана жайылтуу боюнча жооптуу миссия жүктөлгөндүгүн белгиледи.
"Фонд Азербайжан Республикасынын Президенти И.Алиевдин демилгеси менен түзүлүп Кыргызстан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин башчылары тарабынан колдоого алынган.
Дал ушул жагдай бизге кошумча жоопкерчиликти жүктөйт – стратегиялык жана күнүмдүк чечимдерибиз менен биз өзүбүздүн миссиябызды гана аткарбастан, аны эл аралык уюмдардын жогорку стандарттарына ылайык аткарууга тийишпиз.
Бул, биринчиден, бардык уставдык документтерди кынтыксыз аткарууну билдирет.
Катышуучу мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана мамлекет башчылары бул документтерди деталдуу талкуулоонун жыйынтыгы боюнча бекитип, ал текшерилип, макулдашылган. Алар бир максат менен кабыл алынган - аларды талашсыз ишке ашыруу аркылуу Фонддун оптималдуу иштешин камсыз кылуу болуп саналат.
Биринчи жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары кыргыз тарап Фонддун төмөнкү принциптердин негизинде иш алып баруу милдетинен чыгып жатканын баса белгиледи:
Биринчиден, жогорку финансылык тартип жана Фонддун ишенип берилген мүлкүн жана ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- Экинчиден, кадрдык Жободо көрсөтүлгөндөй тең салмактуу кадр саясаты;
- Үчүнчүдөн, имидждик жана ушуга окшогон иш-чаралардын ордуна ар бир катышуучу-өлкө үчүн практикалык натыйжага багыт алуу-анткени биз биринчи кезекте катышуучу-өлкөлөр үчүн иштейбиз;
- Төртүнчүдөн, Фонд тарабынан иштелип чыккан документтер текшерилиши керек - бул максатта ар бир борбор фондго даярдалган жана тажрыйбалуу кадрларды жиберген, алардын фонддогу орду жана ролу туура эмес чечмеленбеши керек - бул Фонддун Президентинин негизги таянычы;
- Бешинчиден, балансталган долбоордук иш.
- Алтынчыдан, кичинеден улууга чейинки принцип. Адегенде негизги суроолорду тууралап, андан кийин татаалдарына өтүүнү белгиледи.
Биринчи жолугушууда
Түрк маданияты жана мурасы фондунун кеңешине Азербайжандын Маданият министри Адил Каримли, Казакстандын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары  Сердар Чам жана Актоты Райымкулова фондунун президенти катышты.
Кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыгында Фонддун 2024-жылга карата иш пландары, практикалык кадамдары, Түрк элдеринин маданий мурастары боюнча Конвенцияны кабыл алуу, Фонддун долбоорун баалоо боюнча комиссия түзүү жана Фонддун бюджети жана тышкы аудиттин жыйынтыгы талкууланып, Фонддун 2023-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, Кеңештин биринчи отурумунун протоколуна кол коюлду.