АТА-БЕЙИТТЕ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Июль 14, 2025 - 15:04
 7
АТА-БЕЙИТТЕ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
АТА-БЕЙИТТЕ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
АТА-БЕЙИТТЕ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
 Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков  12-июль күнү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өтүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси саясий репрессиянын курмандыгы болгон жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн саясий жана коомдук ишмерлердин сөөгү коюлган жер.
Мындан сырткары Кыргызстандын тарыхындагы эң оор жана унутулгус окуяларга байланыштуу курман болгон инсандар эскерилген улуттук ыйык мазар. Алсак, 2008-жылы Эл жазуучу Ч. Айтматовдун сөөгү коюлса, 2010-жылы 7-апрель окуясынан курман болгондорлдун , 2022-жылы Баткен облусунда өлкө чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, Мамбет Мамакеевдин сөөгү коюлган .Ошондой эле, 1916 жылы Үркүн окуясында каза болгондорго атайын эстелик орнотулган.