Бүгүн, 18-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде заманбап медиамектептин алкагындагы алгачкы тренинг болуп өттү. Иш-чаранын негизги темасы — "Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү журналистиканын ролу" аталышында болду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тренингди ачып жатып, бул теманын актуалдуулугун белгиледи. Анын айтымында, медианын күчү — маалыматты кеңири аудиторияга жеткире билүүдө. Кыргыз тилинде сапаттуу, заманбап жана кызыктуу медиаконтент сунуш кылган журналистика мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот.
Тренингдин жүрүшүндө белгилүү маданий жана коомдук ишмерлер - Түгөлбай Казаков, Гүлзада Станалиева жана Тилек Мирлан баяндама жасады. Алар медианын жана тил саясатынын өз ара байланышы, кыргыз тилинде медиатекст түзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле журналисттик сөздүн коомдук пикирди калыптандыруудагы ролу тууралуу айтып берди.
Заманбап медиамектептин максаты — журналисттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, этикалык стандарттарды сактоо жана медиа тармагын туруктуу өнүктүрүү. Тренингдер айына жок дегенде бир жолу үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Алдыдагы айларда катышуучулар үчүн төмөнкү темалар боюнча окутуулар пландалууда:
жасалма интеллект жана журналистика;
мультимедиалык форматтарды (подкаст, видео, инфографика) натыйжалуу колдонуу;
социалдык тармактар жана журналистиканын өз ара байланышы;
фактчекинг жана жалган маалыматтарга каршы күрөш;
маалымат булактарын коргоо жана санарип коопсуздук ж.б.
Медиамектеп — өзүнүн кесипкөйлүгүн арттырууну көздөгөн жана кыргыз журналистикасында сапаттуу өзгөрүүлөрдү каалаган ар бир адам үчүн ачык аянтча.