Жамааттык ЖМКлар Бирлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маалыматтык кампанияны баштады.
Кампаниянын алкагында өлкө боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн мастер-класстар уюштурулат.
Бул иш-чаралардын негизги максаты – мамлекеттик кызматкерлердин медиа жана маалыматтык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, санариптик шылуундарды аныктоо жана аларга каршы туруу, ошондой эле кастык тилине каршы күрөшүү.
Мастер-класстардын негизги темалары:
Медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негиздери;
Санариптик алдамчылыктардын коркунучу: реалдуу мисалдар жана коргоо ыкмалары;
Кастык тили: аны кантип таануу жана алдын алуу;
mediamap.kg интерактивдүү картасы жана дезинформацияны мониторингдөө механизмдери.
Мастер-класстар Кыргызстандын жети облусунда: Чуй, Ош, Баткен, Талас, Нарын, Каракол жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлөт.
Кампания 2025-жылдын 19-сентябрында башталып, 30-сентябрга чейин уланат. Ар бир аймакта мастер-класстар жергиликтүү бийликтердин, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана мэриялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен мамлекеттик мекемелерде өткөрүлөт.
Күтүлгөн жыйынтыктар: Мастер-класстар 250-300дөн ашык мамлекеттик кызматкерди камтыйт, алардын ар бири алган билимин кеминде беш кесиптешине жеткирет. Бул сынчыл ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук жана санариптик коопсуздук көндүмдөрүн мамлекеттик түзүмдөрдө андан ары жайылтууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кампаниянын негизги өнөктөшү болуп саналат. Мындай иш-чараларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга карата жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер арасында медиа сабаттуулукту жогорулатуу стратегиясынын алкагындагы пландарына киргизилген.
Сарногоева Салкын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат саясаты башкармалыгынын башчысы: “Мамлекеттик кызматкерлер арасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү – маалыматтык коркунучтарга туруктуу коомду бекемдөө үчүн маанилүү кадам. Биз бул мастер-класстар мамлекеттик органдардын кызматкерлерине дезинформацияны таанууга гана эмес, жарандар менен натыйжалуу баарлашууну түзүүгө да жардам берет деп ишенебиз”.
Аида Бекташева, ЮНЕСКОнун улуттук офицери: “Санариптик технологиялар доорунда маалыматты сынчыл кабыл алуу жана жалган маалыматтарга каршы туруу жөндөмү зарылчылык болуп саналат. Мамлекеттик түзүмдөрдүн медиа сабаттуулукту жогорулатуу процессине кошулганына кубанычтабыз жана бул маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуунун негизи болот деп ишенебиз”.
Маалыматтык кампания ЮНЕСКО жана БУУӨП менен биргеликте жана БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Улуттук тынчтыкты орнотуу жана жарандык коомду тартуу боюнча потенциалды бекемдөө” долбоорунун бир бөлүгү катары өткөрүлүүдө.
Долбоордун өнөктөшү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги болуп саналат. Мындан тышкары, долбоор Европа Биримдиги тарабынан Internews уюму ишке ашырып жаткан “Ишенимдүү окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN) демилгеси алкагында кошумча каржыланат.
Байланыш үчүн маалымат:
Таштанова Перизат +996 707 330 010
aosmikyrgyzstan@gmail.com