Алтынбек Максутов: Маданият министрлигинин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана мекемелерде өзгөрүүлөр болот

Июль 5, 2024 - 13:15
Июль 6, 2024 - 12:16
 28
Алтынбек Максутов: Маданият министрлигинин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана мекемелерде өзгөрүүлөр болот
Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Ош шаарында өткөн жарым жылдын жыйынтыгы боюнча коллегияда билдирди.
“Иштин жыйынтыгы жана анын натыйжалуулугу башкаруу системасына көз каранды экендиги белгилүү. Мындан улам, жумушубуздун жүрүшүн жеңилдетүү жана заман талабына ылайыкташтыруу зарыл. Мамлекет маданият тармагын каржылоодо көңүл сыртында калтырбай зарыл болгон каражаттарды бөлүүдө. Эгемендүүлүк алгандан тарта биз каалап жана ойлоп келген тилектер каржылоонун аздыгынан ишке ашпай келдген. Эми мамлекет кам көрүп шарт түзүп жатканда эффективдүү иштеп, натыйжа беришибиз керек. Ар бир жетекчи мыкты менеджер болуп, системалуу өзгөрүүлөргө баруубуз кажет. Бул заман талабы”- деди министр.