Алтынбек Максутов: Мамлекеттик каржылоо менен музыкалык аспаптардын кымбаттыгына карабастан жаңырттык, мындай жаңылоолор системалуу уланат

Июль 5, 2024 - 15:08
Июль 6, 2024 - 13:11
 16
Алтынбек Максутов: Мамлекеттик каржылоо менен музыкалык аспаптардын кымбаттыгына карабастан жаңырттык, мындай жаңылоолор системалуу уланат
Алтынбек Максутов: Мамлекеттик каржылоо менен музыкалык аспаптардын кымбаттыгына карабастан жаңырттык, мындай жаңылоолор системалуу уланат
Алтынбек Максутов: Мамлекеттик каржылоо менен музыкалык аспаптардын кымбаттыгына карабастан жаңырттык, мындай жаңылоолор системалуу уланат
“Бир топ музыкалык аспаптар, жабдыктар жаңыланбай, эскилиги жетип иштебей калганы боюнча тизмелерди былтыр жана жыл башында сиздерден алдык. Мамлекеттик каржылоо менен биз алардын өтө кымбаттыгына карабастан жаңырттык, мындай жаңылоолор системалуу уланат", - деди министр Алтынбек Максутов 2024-жылдын жарым жылдыгына арналган коллегиялык отурумда.
Өз баяндамасында тармакта профессионал кадрлар жетишсиздигине токтолуп, чечүү жолдору бар экенин айтты. “Бизде бир нече оркестр бар, бирок көйгөй – бир эле артист 3-4 оркестрде ойнойт, азыр айрым инструменттерде ойногон артисттерибиз жок калыптыр, мисалы бизде “гобоисттер” жокко эсе. Оркестрлерди жоготуп алуу коркунучу бар. Аспаптарды алуу оңой, бирок ошолорду ойной турчу 30-40 жылга жаңы музыканттардын муунун окутуп, тарбиялап, даярдап алышыбыз керек. Ал үчүн керек болсо Москвадан, Кытайдан, Европадан мамлекеттик тапшырык аркылуу профессионал музыканттарды, адистерди даярдап келишибиз зарыл.
Музыкалык маданиятыбызды сактап калуу дагы – маанилүү максат-милдет, чечкиндүү чараларды кабыл алалы кесиптештер!”-деп белгиледи, министр.
Эске салсак, Президенттин “Маданият, искусство жана спорт тармагын мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыгына ылайык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бөлүнгөн каражатка музыкалык окуу жайлардын, мектептердин, оркестрлердин музыкалык аспаптары жаңыртылган.