МИРБЕК МАМБЕТАЛИЕВ НҮЗҮП БИЙДИН АЙКЕЛИНИН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Сентябрь 23, 2025 - 17:45
 4

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев белгилүү тарыхый инсан Нүзүп бий Эсенбай уулунун борбор калаабыз Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабына орнотулган эстелигинин ачылышына катышты.
Салтанатта депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы баштаган жетекчилер, тарыхчы-окумуштуулар, калаа тургундары жана меймандар болду.
Азем пролог менен ачылып, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Нүзүп бийдин кыргыз элинин биримдигин сактоого, элдин укугун жана намысын коргоого кошкон салымы тууралуу айтып өттү.
Аны менен катар эмдиги жылы Нүзүп бийдин 230 жылдыгы республикалык деңгээлде өтөрүн белгилеген Төрага бүгүнкү саамалык маарекелик иш-чаралардын башталышы экенин эске салды.
Маалымат үчүн:
Нүзүп бий Эсенбай уулу (1794-1844) XIX кылымда Аксы аймагынан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, аскер башчы. Кокон хандыгында кыргыздардын ичинен биринчи болуп «миң башылык» жогорку аскердик чинге жеткен тарыхый инсан. Ал өз мезгилинде эл арасындагы ынтымакты чыңдоого, кыргыздын каада-салтын сактап калууга жана ата журтту коргоого чоң салым кошкон.